Социалдык тармактарда өзгөчө абалдын эрежесин бузган кыздын видеосу чыкты. Милиция кызматкерлери кызды кармап суракка алышканда ал сыртка чуркаганы чыкканын айткан.
Анда көрүнүп тургандай жаш кыз укук коргоо органынын кызматкерлерине өздүгүн тастыктаган документ көргөзө алган эмес. Мындан улам аны райондук ИИБне алып кетишкен.
Видео Бишкек шаарында тартылган.
Коронавируска байланыштуу Бишкек шаарында 25-март саат 08.00дөн баштап 15-апрель саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген. Өзгөчө абал киргизилген аймакта 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат:
- дүкөндөн азык-түлүк,
- дарыканадан дары-дармек сатып алуу
- ооруканага баруу үчүн.
Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.