Коронавирус оорусу саясатка жана акчага айланып калды деп эсептейт саясатчы Адахан Мадумаров. Ал НБТ телеканалына маек берип жатып, дарыгерлерде кишини айыктыруу эмес, кишиден акча алуу пайда болду деп билдирген.
“Саясатка айландырып ийди бул ооруну. Саясатка айландырбаш керек болчу. Ушул дарттан чыккандан кийин көптөгөн балекеттер чыгат. Ушул оорунун аркасынын эки кызыкчылык пайда болду. Биринчиси, саясий кызыкчылык. Андан пайдаланып, аябай күчөтүлгөн мыйзамдарды кабыл алып алды кээ бир мамлекеттер. Коронавирус кеткенден кийин да ал мыйзамдар иштеп кала берет. Экинчи маселеси – акчага айландырып алды. Дарыгерлерди кызыктырып койду. Таажывирусу менен күрөшүп аткан дарыгерлерге чоң акча берилет деди. Кээ бир өлкөлөрдө абдан көп акча берип койду. Бирөөнүн ичи ооруса деле коронавирус окшойт деп алпарып коюшуп, тизмеге киргизип койсо, бул акча болуп калды. Тилекке каршы, бизде билим берүү системасы да акчага аралашкандан кийин саламаттыкты сактоо тармагы акчага аралашкандан кийин дарыгерлердин милдети кишини дарылоо болбой калды. Кишини айыктыруу эмес, кишиден акча алуу пайда болду“,- деген пикирин айткан Адахан Мадумаров.
Кундалик воқеликларга ВОЗ айбдор .
Чегаралар очиқ қолишига имкон қўйиб берди .