Коронавирус пандемиясынын Орозо айына таасири кандай болот?

468

Мусулмандар үчүн ыйык саналган Орозо айы бул жылы 23-24-апрелде башталат. Коронавирус пандемиясы мурдакы жөрөлгөлөрдүн көбүн өзгөртөт.

Орозодо мусулмандар күн чыккандан, күн батканча оозуна нар албай, тамактан баш тартат. Ооз ачкандан кийин көпчүлүк мусулмандар мечитти көздөй шашылат. Андан кийин чогуу олтуруп тамактанышат.

Бул жылы көп өлкөлөрдө мечитке чогулуп намаз окуганга жана массалык ооз ачууга тыюу салынып калышы мүмкүн.

Бирок британдык мусулмандар кырдаалдан чыгуунун жолун тапты окшойт. Өлкөдө “Орозо чатыры” долбоору көпчүлүккө белгилүү. Лондондун белгилүү бир жерине, айталы, Трафальгар аянтына чатыр тигип, ооз ачар өткөрүп келишкен. Алар каалоочулардын баарын чакырып, тамак беришкен.

Бул жылы алар кырдаалга жараша ыңгайлашып, виртуалдуу ооз ачар өткөрүүнү пландап жатышат. Алар бири-бирине белек жөнөтүшүп, Zoom тиркемеси аркылуу видеоконференция өткөрүүнү пландашкан.

“Орозо чатыры” долбоорунун активисттери мындай виртуалдуу жыйындарды ыйык айдын башынан-аягына чейин өтөт деген ишенимде.

Көпчүлүк мусулмандар үчүн быйыл ажылык сапарга жол ачылабы же жокпу деген суроо жаралды. Анткени Сауд Арабиясы зыяратчылар үчүн ыйык жайларды убактылуу жапты. Буга чейин зыяратка баргандардын көбү өзүн изоляцияда кармашты. Көрсө, баары эмес экен.

Маселен, Кыргызстанда кичи ажылык зыяратка баргандардан вирус табылды. Айрымдары өзүн изоляцияда кармоо эрежелерине баш ийбей, туугандарына той дагы өткөрүп жиберишкени белгилүү болду.

Салт боюнча зыяраттан келгендер ажы той өткөрүшөт. Зыяраттан келгендердин бири 150дөй киши чакырып, той берген. Кийин андан коронавирус табылып, бир нече кишиге жуктурганы ачыкка чыкты.

Булак: Би-Би-Си

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь