“Катталган жери Нарында бирок өздөрү башка аймактарда жүргөн жарандар учурдагы кырдаалга байланыштуу шаарга 30-апрелге чейин кире алышпайт. Бул чектөөлөр элдин саламаттыгы үчүн болуп жаткандыгын түшүндүрүп жатабыз“, – деп билдирди Ат-Башы районунун жана Нарын шаарынын коменданты Уланбек Аалиев.
“Ар бир айылдан атайын автоунаалар өткөрмө кагаздары менен бөлүнөт. Алар дары-дармек, тамак-аш азыктарын ташыйт“, – деп кошумчалады Ат-Башы районунун жана Нарын шаарынын коменданты Уланбек Аалиев.