Коронавирустун таасиринен солгундаган Кытайдын автоунаа тармагы акырындан ишин жандандыра баштады, бирок сатуу дагы деле төмөн. CNN маалыматында, өткөн жылдын алгачкы үч айында алты миллионго чейин автоунаа сатууга мүмкүн болсо, 2020-жылы бул көрсөткүч араң 3,7 миллионго жетти.
Сатыкка түрткү берүү үчүн, провинция башчылары жаңы жеңилдиктерди, анын ичинде унаа сатып алуу үчүн түздөн-түз төлөмдөрдү киргизе башташты.
Жергиликтүү бийлик өндүрүштү колдоо максатында, электр унаа өндүрүүчүлөргө салыктык жеңилдиктерди дагы 2 жылга узартууну чечишти, ал эми сатып алуучуларга ар бир унаа үчүн 1400 доллар өлчөмүндө акчалай субсидия берет.