Чүй облусунун Токмок шаарына жакын Арал айылында эркек киши 5 жашар кызды зордуктоого аракет кылган.
15-апрель күнү Чүй РИИБне билдирүү түшүп, анда 28 жаштагы Н.А. аттуу келин арыз менен кайрылган. Арыздануучунун айтымында, 14-апрелде айылдашы 2014-жылы туулган кызына ыплас иш жасаган. Белгилүү болгондой эркек киши кызды жакын жерде жайгашкан сарайга алып барып, жыныстык катнашка барууга аракет кылган.
Кылмышка шектелип ошол эле күнү 28 жаштагы Ш.А. аттуу жаран кармалды. Учурда ал Токмок шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.