Өкмөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигине гумжардам жеткирүү милдетин ыйгарган.
Бүгүн, 16-апрелде Өзбекстан Республикасынан гуманитардык жардам катары келген буудай унун жеткирүү иши уюштурулду:
Ош ш. мэриясы – 100 тонна;
Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү – 380 тонна;
Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү – 330 тонна;
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү – 190 тонна.
Жер-жерлерде гуманитардык жардамды жергиликтүү бийлик органдары бөлүштүрөт.