Бир сутка ичинде 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды.
Алардын ичинен Бишкек шаарында – 7, Ош облусунда – 4 (Ноокат районунда – 3, Өзгөн районунда – 1), Ош ш. – 1.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 116 учур катталды.
2020-жылдын 17-апрелине карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 489 учуру катталды.
Стационарда – 370, алардын ичинен реанимацияда – 4
Ооруканадан чыгарылды – 114
Каза тапты – 5