Бүгүн, 17-апрелде, түштөн кийин Бишкекке Стамбулдан 212 жүргүнчүсү менен учак учуп келет. Алардын баары “Ак кеме” мейманканасына обсервацияга жайгаштырылат.
Өкмөт чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча ишин улантат.
Эскерте кетсек, кечээ Кыргызстан менен Түркиянын тышкы иштер министрлери ортосунда видеоконференция форматында сүйлөшүүлөр жүрүп, анда чартердик каттамдар менен эки өлкөдө жүргөн жарандарды мекенине кайтаруу боюнча сүйлөшүү болгон.