Караганда облусунун Бухар Жырау районунда Казакстандын Коргоо министрлигинин МиГ-31 учагы кыйрап, эки учкуч жабыркады. Алардын биринин абалы канааттандырарлык, экинчисинин абалы орто оор деп бааланууда.
Окуя 16-апрелде аскердик нөөмөткө даярдануу маалында болгон.
Казакстан Коргоо министрлиги маалымдагандай, учак абага көтөрүлгөндөн кийин кыймылдаткычтарынын бири күйүп кеткен.
«Катапульттоо тууралуу буйрук алгандан кийин аскер учкучтары учакты калктуу конуштан талааны көздөй буруп, кишилерге коркунуч жаралбай турганына көздөрү жеткен соң экипаж учактан секирип кетти», — деп айтылат билдирүүдө.
Авиакырсыктын себебин иликтөө үчүн атайын комиссия дайындалды.