“Манас” эл аралык аэропортунда 17-апрелде Стамбулдан келген чартердик рейсти тосуп алышты.
Баарынын коопсуздугу үчүн жүргүнчүлөр аба майдандын имаратынын ичине кирбестен, перронунда тейленип, обсервацияга жөнөтүлдү.
Бүгүн Бишкекке Стамбулдан 212 жүргүнчүсү менен учак учуп келери маалымдалган. Алардын баары “Ак кеме” мейманканасына обсервацияга жайгаштырылат.