Москвада сабалган жаш бала: Ата-энесин видеого тартып бары жайында экенин көрсөттү (видео)

2 058

Баласын сабап жаткан кишинин жакындары видео таратты. Видеонун артында сүйлөп жаткан жаран бары жайында экенин айтып, ким видеону таратып жибергенин билбестигин белгилейт.

Тасмада адегенде баланын энесин жана атасын көргөзүп бары жакшы экенин айтып ишендирүүдө. Ошондой эле буга чейин тарап кеткен видеону өчүрүп салууну өтүнгөн.

Жок нерсени чоң кылып Фейсбукка ким чыгарып жиберди? Баланын атасы, апасы урушпай эле жакшы турат. Эч кыжаалат болбоңуздар, бары жайында, небере жакшы. Туура түшүнүп видеону өчүрүп салыңыздар“,- деп айтып жатканын угууга болот.

Эске салсак, баласын катуу сабап жаткан атанын өздүгү такталып, учурда ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү тиешелүү ыкчам иштерди жүргүзүүдө.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь