Оор абалда реанимацияда жаткан бейтап айыгып ооруканадан чыгарылды

334

Кыргызстанда мурда реанимацияда жаткан бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.

17-апрелге карата коронавирустан 23 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын тогузу Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарылангандар.

Оорукананын бөлүм башчысы Канат Искаковдун айтымында, ооруканалардан чыгарылган бейтаптардын абалы канааттандырарлык, алардын ичинде 6 жаштагы бала бар.

Бүгүн ооруканадан чыгарылып жаткан бир бейтап бизге оор абалда түшүп, реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Ага интенсивдүү жардам көрсөтүлүп, бүгүн ал айыгып ооруканадан чыгарылууда. Вируска каршы дарылар бардык эле бейтаптарга берилбейт. Эгер бейтаптын абалы жакшы болсо ага, башка дары-дармектер, витаминдер берилет”, – деп билдирди Искаков.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 489га жетет.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь