Бул жылы Рамазан айы 24-апрелде башталат. Бул маалыматты Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы бүгүн, 17-апрелде билдирди.
“Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жаңы айдын башталуусу тууралуу Орто-Азия мусулмандары үчүн эл аралык астрономиялык обсерваториялардын тажрыйбаларын пайдалануу менен жана ошондой эле коңшу Өзбекстан жана Казакстан өлкөлөрүнүн Дин Башкармалыктары менен кеңешип, орозонун биринчи күнү аныкталды”, – деп жазылат маалыматта.
Көрсөтүлгөн күн айдын чыгышына карап бир күнгө айырмаланышы мүмкүн.