Ошто спирт ичимдигин сатууга кайра тыюу салынбай турган болду

279

Ош облусундагы өзгөчө абал режими киргизилген аймактарда спирт ичимдигин сатууга тыюу салуу жөнүндөгү коменданттын буйругу күчүн жоготту. Бул тууралуу Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунун комендатурасынын маалымат борбору билдирди.

13-апрелде комендант Малик Нурдинов Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунда спирт ичимдигин сатууга тыюу салуу жөнүндө буйрук чыгарган. Бирок ал боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарынын чечими дагы керек болчу. Шаардык жана айылдык кеңештердин андай чечими чыккан эмес.

Буга чейин өзгөчө абал киргизилген Ош шаары, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда коменданттык сааттын талаптарын бузган жарандар, унаа башкарган жана жол кырсыктарына кабылган айдоочулар көпчүлүк учурда мас абалда болуп жаткандыктан комендант Малик Нурдинов спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу чечимин чыгарганын билдирген.

«Андан тышкары аталган буйрук өзгөчө абал режими киргизилбеген райондорго тиешелүү болбогондуктан, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режими киргизилген аймактардагы чектөөлөрдө айырма пайда болуп, Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунун аймактарында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу жөнүндө буйрук 15-апрель күнү күчүн жоготту», – деп айтылат комендатуранын маалыматында.

Буга чейин айрым тургундар түз эфир учурунда комендант Малик Нурдиновдон өзгөчө абал киргизилген аймактарда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салууну суранышкан.

Булак: turmush.kg

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь