Ош шаардык милициясына дезинфекциялоочу өтмөк орнотулду

206

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына эки дезинфекциялык тоннель орнотулду.

Мындан ары милиция кызматкерлери ар күнү жумушка дезинфекциялык өтмөк аркылуу өтүшөт.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов дезинфекциялык туннелдерди ооруканаларга жана адам көп келүүчү жайларга да орнотуу пландалып жатканын айтты. Дезинфекциялык туннелдер “Мекеним” улуттук кыймылы тарабынан орнотулду. Аталган кыймылдын активисттери шаардык ички иштер башкармалыгына 400 даана атайын коргоочу формаларды жана 5 миң даана коргоочу беткап да тапшырышты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь