Жалал-Абад облусунда санитардык постто чыр салган милиция кызматкери иштен алынды.
Жалал-Абад ОИИБнен билдиргендей, 14-апрелде саат 08:00дөр чамасында Кара-Суу айылынан Токтогул районуна чыга турчу жердеги постто “Ауди” унаасын өткөрүшкөн эмес. Милиция кызматкери өтө албаганы үчүн постто тургандарды ашата сөгүп кеткен.
Видео боюнча Жалал-Абад облустук милициясынын ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргөн. Жыйынтыгында облустук милициянын башчысы Кылыч Жолдошевдин буйругу менен Терек-Суу аймактык милиция бөлүмүнүн нөөмөтчү-инспектору А.А. ээлеген кызматынан бошотулду.
Мындан тышкары Терек-Суу аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы жана Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы тартиптик жазага тартылат.
Формачан адам постто тургандарды ашата сөгүп, коркутуп кетти
Формачан адам постто тургандарды ашата сөгүп, коркутуп кетти
Опубликовано Элдик медиа Дадим слово каждому Четверг, 16 апреля 2020 г.