Россияда бир суткада рекорддук санда коронавирус жугузуп алгандар болду

375

Россияда акыркы сутка ичинде коронавирус инфекциясын жуктурган 4070 учур катталды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги коронавирус боюнча маалымат борборунун өкүлү Александр Мясниковго таянып жазды.

Бир суткада 286 бейтап оорудан айыгып чыкканы айтылды. Жалпы өлкө боюнча вирусту алып жүрүүчүлөрдүн саны 32 008 адамга жетти. Ал эми каза болгондордун саны 273.

Бир суткада 41 адам каза болгону бул эң жогорку көрсөткүч болду дейт Мясников.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь