Өзгөчө абал режими жарыяланган аймактарда бүгүн, 17-апрелге караган түнү коменданттык сааттын эрежелерин бузган 74 адам кармалды. 10 автоунаа айып короолорго жеткирилген, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.
Бүгүн түнү кармалган жарандар:
– Бишкек шаары боюнча 59 адам;
– Жалал-Абад шаары боюнча 4;
– Ош шаары боюнча 2;
– Нарын шаары боюнча 6;
– Кара-Суу району боюнча 2;
Сузак, Ноокат жана Ат-Башы райондорунда тартип бузгандар болгон эмес.