Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев №17 Үй-бүлөлүк медицина борборунда түзүлгөн кырдаал боюнча күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин кароо жана тергөө жүргүзүүнү тапшырды.
Бул тапшырманын аткарылышын көзөмөлдөө вице-премьер-министр Аида Исмаиловага жүктөлдү.
Белгилей кетсек, Чоң-Арык айылындагы №17 Үй-бүлөлүк медицина борборунда иштеген 4 дарыгер коронавирус жуктуруп алган. Алар Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. Ал эми алар менен бирге иштеген медицина кызматкерлери обсервацияга жаткырылган.