Бүгүн 18-апрель күнү Аксы районунун Кербен шаарында 35 жаштагы келин бычак жеп каза болду. Бул тууралуу “Элдик медиага” Жалал-Абад ОИИБнен билдирди.
“1985-ж.т. Б.Ж. аттуу жаранды өзүнүн үйүндө бир тууган кайниси 1990-ж.т. Т.Т. бычак менен ич тарабына сайып жиберип окуя болгон жерден качып кеткен. Б.Ж. ооруканага жетпей каза болгон”,-деп айтылат облустук милициянын маалыматында.
Бул факт “Ден соолукка оор зыян келтирүү” беренеси менен Аксы РИИБнин КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Учурда шектүү кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат.