Баткендеги “Айгүл-Таш” мамлекеттик ботаникалык коругунда Айгүл гүлү гүлдөдү.
“Жыл сайын апрель айынын баштарында Айгүл алгачкы гүлдөрүн ачат. 20-апрелден тарта Айгүл гүлүнүн баары гүл ача баштайт. Анын гүлдөшү апрель айынын аягына чейин созулат“,- деп билдирет Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинен.
Айгүл гүлү Баткен шаарынан 17 чакырым алыстыкта жайгашкан Айгүл Таш тоосунун боорунда гана өсөт.