Бишкекте Ленин районундагы №13 Үй-бүлөлүк медицина борборунда дезинфекция жүргүзүлдү.
Себеби Үй-бүлөлүк медицина борборунун аймактык дарыгери үй карантининдеги жаранга барган. Ал жарандан кийин коронавирус табылган. Азыр оору жуктуруп алган бейтап жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланууда.
Буга байланыштуу дарыгерден эки жолу COVID-19 вирусуна анализдер алынып, жыйынтыктары терс болуп чыкты деп билдирет саламаттык сактоо министрлигинен.
Ленин районундагы ҮМБ жетекчилиги чечим чыгарып, №13 ҮМБ кызматкерлеринин жана ал жакка караштуу калктын коопсуздугу үчүн дарыгерди үй карантинине жиберишкен.
Учурда поликлиникада тазалоо иштери жүргүзүлдү. 19-апрелден баштап №13 ҮМБ штаттык тартипте иштей баштайт.