Бүгүн, 19-апрелге карата Кыргызстанда дагы 48 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 18 бейтап медицина кызматкери экенин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, бир сутка ичинде 18 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен:
Жалал-Абад облусунда – 4,
Баткен облусунда – 1,
Ош облусунда – 2,
Ош ш. – 3,
Нарын облусунда – 4,
Бишкек ш. – 4.
COVID 19 жуктурган жалпы медиктердин катталган учуру- 134 түздү.