Кыргызстанда бүгүн, 19-апрелде коронавирус менен 554 адам катталды. Алардын ичинен 134 бейтап медицина кызматкерлери.
Республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү маалыматы боюнча, коронавирус аныкталган адамдар менен 7877 адам байланышта болгон.
Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.
Жакын байланыштар (I категория) – 1769
Башка байланыштар (II категория) – 6108