Кыргызстандын 32 жараны Индонезиядан, Таиланддан жана Вьетнамдан кайтып келишти

276

Биздин жарандардын кайтып келиши “Бангкок – Денпасар-Ханой – Усть-Каменогорск” каттамы боюнча коммерциялык чартердик рейсти уюштурган Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн жардамы менен жүргүзүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Учурда белгиленген тартипте келгендердин бардыгы медициналык мекемелеринин биринде байкоого (обсервацияга) алынды.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын, анын ичинде өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосу жана көмөгү менен кайтарып берүүнү уюштуруу боюнча иштер улантылууда.

ТИМ жакынкы күндөрү Бириккен Араб Эмираттарындагы кыргызстандыктар да алынып келинерин кабарлаган.

Эскерте кетсек, жакында эле Түркиянын Стамбул шаарынан атайын каттам менен 212 кыргызстандык мекенине кайтарылган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь