Орусияда эмгек мигранттарына уруксат кагазы жок 15-июнга чейин иштөөгө уруксат берилди

465

Россия президенти Владимир Путин коронавирустан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Россияда чет элдиктердин жүрүүсү жана эмгектенүүсү боюнча шарттарды жеңилдетти. Бул тууралуу Кремлдин сайтында жазылган.

Өлкө башчы убактылуу чаралар боюнча документке кол койду. Ага ылайык, чет элдик жарандар:

  • Виза жана башка документтердин мөөнөтүн узартпастан, Орусиянын аймагында 15-июнга чейин жүрүүгө уруксат берилет;
  • 15-июнга чейин Орусиядагы чет элдик жарандар депортация болбойт;
  • Эмгек мигранттары уруксат кагаздары жок эле жумушка кабыл алына берет. Бирок бул учурда жумуш берген тараптын чет элдик жарандарды жумушка тартуу боюнча уруксат документтери болушу шарт.

Документ бүгүндөн баштап күчүнө кирди.

Чет өлкөлүктөрдү жумушка алууга уруксаты бар мекемелер бардык санитардык-эпидемиологиялык шарттарды сактаган учурда чет элдиктерге жумуш берүүгө укуктуу. Бул аралыкта Россияда жашоого жана иштөөгө уруксаты жок чет элдиктерди өлкөдөн чыгаруу чечимдери кабыл алынбайт.

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь