Бишкекте Республикалык клиникалык жугуштуу ооруканасынан 10 бейтап айыгып чыкты, алардын ичинен бирөөсү эпидемиолог. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Ошондой эле, Баткенде COVID-19 вирусун биринчи жуктурган жугуштуу оорулар дарыгери дагы сакайып чыкты.
Жалпысынан учурда 133 бейтап бул оорудан сакайып чыккан.
Ал эми өлкөдө таажывирусун жуктурган 554 адам бар. Алардын 134ү медицина кызматкерлери.