Эртең, 20-апрелде түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган облустарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24
Талас облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25
Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10 градус, күндүз +22…+24 градус болот.