COVID-19: Япон бийлиги ар бир жаранына 1000 доллардан берет

198

Япон бийлиги коронавирус пандемиясынан улам келип чыккан каатчылык маалында өлкөнүн жашоочуларын колдоо иретинде материалдык жардам көрсөтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу премьер-министр Синдзо Абенин чечимине таянуу менен Bloomberg басылмасы жазып чыкты.

Документке ылайык, жөлөк пулдун өлчөмү ар бир адамга 100 миң йенаны (927 доллар) түзөт. Буга япон өкмөтү 108,3 триллион йена бөлдү.

Белгиленгендей, Япониянын бийлиги жардамга муктаждарды аныктап жана алардын киреше булагын эсептеп чыгуу үчүн көп убакыт сарптала тургандыктан, баарына бирдей көлөмдөгү жөлөк пул төлөп берүү чечимин кабыл алган.

Буга чейин мындай иш-чаралар Испанияда, Германияда жана АКШда кабыл алынган. Бирок төлөмдөр белгилүү бир категориядагы жарандарга берилерин маалымдашкан.

Коронавирус жуктургандардын көп саны боюнча:

  • АКШда— 735 миң;
  • Испанияда — 194,4 миң;
  • Италияда — 175,9 миң;
  • Францияда — 152,9 миң;
  • Германияда — 143,7 миң учур катталды.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь