Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев дүйнө салды

1 288

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, төкмө акын, обончу, ырчы Элмирбек Иманалиев  42 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу маалыматты шакирти Асылбек Маратов “Элдик медиага” тастыктады. Анын айтымында Эл артисти бүгүн 20-апрелде саат 21:00дөр чамасында каза болду.

Элмирбек Иманалиев көп жылдан бери кант диабети менен ооруп келген.

“Кант диабети көтөрүлүп, кан басымы түшүп үзүлүп кете берди. Ооруканада болчу, азыр үйүнө чыгарып келдик”,– дейт Маратов.

Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Өзгөрүш айылында туулган.

“Элдик медиа” порталы акындын көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь