Бишкекте 14 жаштагы кыз өз өмүрүн кыйды. Окуя кечээ 19-апрелде саат 16:30дар чамасында Матросов көчөсүндө болгон.
Окуучу кыз көп кабаттуу үйдүн 7-кабатынан секирип кеткен. Ал тез жардам кызматы келгенче алган жаратынан улам ошол жерден жан берген.
Бишкек шаардык милициянын кызматкерлери кырсык болгон жерге барып, өз жанын кыйган кыз 2006-жылы туулган М.А. аттуу өспүрүм экенин такташты.
Бул окуя Октябрь РИИБнин КЖБРне каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн иликтөө жүрүп жатат.
Алдын ала маалыматтар боюнча окуучу өлөр алдында туугандарына СМС билдирүү жиберген.