“Жакынкы күндөрү жарандарыбыз COVID-19 аныктоого ПЧР анализдерди, Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар республикалык борборунун базасында уюштурулган, Бонецкий жеке лабораториясынан тапшыра алышат. ПЧР-тесттин баасын жана изилдөөгө кеткен бардык чыгашаларды эске алганда, анализ тапшыруу – болжол менен 2000 сомду түзөт”, – деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.