Караколдо үй обсервациясында жаткан аял шаарга чыгып кеткен

438

Караколдо медицина кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен үй обсервациясында жаткан 37 жаштагы аял шаарга чыгып кеткен.

Милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жүрүп чектөө эрежесин бузган учурду аныкташты. Бул тууралуу бүгүн 20-апрелде Ысык-Көл ОИИБнен билдиришти.

Аталган окуяга юридикалык баа берүү үчүн текшерүү иштери жүрүүдө.

Мындан тышкары, күн жылыганы Караколдун жашоочулары карантиндик режимиди бузуп, зарыл муктаждыксыз көчөгө чыга башташты. Мындан улам Ысык-Көл облустук милициянын башчысы Улан Асанбаев жарандарга түшүндүрүү иштерин күчөттүрдү.

18-19-апрелдин жыйынтыгында милиция кызматкерлери мөөнөтү өтүп кеткен жана жасалма уруксат кагазы менен унаа айдап жүргөн 78 айдоочуну аныкташты. Алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң үйлөрүнө кое бришти.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь