Коменданттык саат: 81 жаран кармалып, 18 автоунаа айып короого токтотулду

165

2020-жылдын 20-апрелине карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын, Нарын облусунун Наарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде 81 жаран кармалып, 18 автоунаа атайын жайларга токтотулду.

Алардын ичинен:

Бишкек шаары боюнча – 66,
Жалал-Абад шаары боюнча – 4,
Ош шаары боюнча-3,
Нарын шаары-4
Ат-Башы району боюнча -1,
Ноокат району боюнча -1,
Сузак району боюнча-2.

Ал эми, Кара-Суу районунда тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2970 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь