Коронавирус: Казакстанда 1735, Өзбекстанда 1565 адамга жукту

176

Бүгүн, 20-апрелде Казакстанда дагы 24 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Жаңы учурлар Нур-Султан (9), Чымкент (4), Алматы (1) шаарларында, Павлодар (4), Костанай (4), Кызыл-Ордо (1), Батыш Казакстан (1) облустарында катталды. Муну менен Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 1735 адамга жетти.

Ал эми, кечээ, 19-апрелде саат 23:00гө карата Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 1565 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, бир суткада 75 жаңы учур катталды. Бул көрсөткүч 18-апрелге карата 10 учурга аз.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь