Леди Гага, Rolling Stones, Селин Дион, Тейлор Свифт, Билли Айлиш, Элтон Джон, Стиви Уандер жана башка ондогон дүйнө “жылдыздары” жекшембиге караган түнү кайрымдуулук онлайн-концертке катышышты.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун катышуусу менен Global Citizens аттуу эл аралык аянтча тарабынан уюштурулган бул долбоор COVID-19га чалдыккандардын баарынын биримдигин көрсөтүп, ошондой эле медкызматкерлерге каражат чогултуу максатын көздөйт.
Виртуалдык концертке дүйнөнүн булуң бурчунан жүз миңдеген көрүүчүлөр күбө болду. Учурда уюштуруучулар 32 миллион евро чогултууга жетишти.
6 саатка созулган иш-чаранын демилгечиси Леди Гага аны COVID-19 пандемиясынан жапа чеккендердин “дүйнөгө сүйүүсүн жарыялоо” деп атады.
Концертке белгилүү футболчу Дэвид жана жубайы Виктория Бекхэм дагы кошулду. Мындан тышкары: Шон Мендес, Камила Кабельо, Дженнифер Лопес, Кит Урбан, Билли Джо Армстронг, Джо Леджент, Бейонсе ж.б. катышышты.