Бүгүн, 20-апрель күнү Ноокат районунда обсервацияда жаткан 9 адам үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Ноокат аймактык ооруканасынын башчысы Асамидин Марипов билдирди.
Чыгарылган жарандарга 2 жума үй карантиндин эрежелерин сактоо керек экени айтылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Алар умрадан келген жарандардын жакындары болчу.
Учурда Ноокат районундагы обсервацияларда жаткан адамдар жок.
Булак: turmush.kg