Орусия өкмөтүнө мигранттардын укуктарын орусиялыктардыкына теңөө сунушталды

210

Орусиянын Стартегиялык демилгелер агенттиги премьер-министр Михаил Мишустинге жумушсуздук боюнча жөлөк пул алуу үчүн эмгек мигранттарынын социалдык укуктарын убактылуу Орусия жарандарыныкына теңөөнү сунуштады.

Бул тууралуу РБК агенттиктин башчысы Светлана Чупшеванын катына шилтеме кылып билдирди.

Документте мындай тажрыйбаны Португалия колдонуп жатканы жана пандемия маалында 580 миң мигрант өлкө жарандары менен социалдык жактан тең укук алганы белгиленген. Португалияда өлкөдө жашап турууга арыз берген чет өлкөлүктөрдүн баары кеминде 1-июлга чейин социалдык жардам алат.

Орусияда мигранттардын үчтөн эки бөлүгү Москвада. Росстаттын маалыматына караганда, курулуш тармагында эле 1,4 миллион киши иштейт. 13-апрелден бери Москвада медициналык багыттан тышкары баардык курулуш жумуштары токтотулган.

18-апрелде Владимир Путин патент, виза, миграциялык каттоо жана ишке уруксат берчү башка документтердин мөөнөттөрүн узартууну 15-июнга чейин убактылуу токтототуу боюнча жарлыкка кол койгон. Башкача айтканда, бул арада мөөнөтү аяктаган документтер жокко чыгарылбайт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь