“Польшадан келген медиктер Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада ишке киришти. Алар коронавирус оорусун дарылоо процессине жардам беришет“, – деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Н.Үсөнбаев.
Анын айтымында, Польшанын медициналык адистери 27-апрелге чейин Бишкекте, андан кийин Ош жана Жалал-Абад облустарындагы дарыгерлерге жардам көрсөтүшөт.