Стамбул-Бишкек каттамы менен Кыргызстанга келген 16 жүргүнчү Ысык-Көл облусуна жөнөдү. Алар тиешелүү кызматтын кызматкерлеринин коштоосунда бара жатышат. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ыкчам штабынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Түркиядан келген 16 жарандын бары тең Ысык-Көл облусунун тургундары болот. Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, жарандар “Ак-Кеме” экологиялык постуна жеткенде тез жардам кызматы унаасында обсервация жайына жеткирилет.
Стамбулдан келген 198 жарандын анализдери таза чыккан. Жалпы Стамбул-Бишкек каттамы аркылуу 211 кыргызстандык учуп келишкен.
Дебилы.анализ таза чыкты деп кое беришет да 3-4 күндөн кийин кайра ооруп калыптыр деп келишет.это специально башкаларга да жуктуруп элдин санын көбөйтүп сырттан көбүрөөк акча алыш үчүн жасап атат өкмөт.