Бүгүн, 20-апрелге карата Түркияда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 86,3 миң адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришет.
Түркия коронавирус жуктургандардын саны боюнча Кытайдан (83,8 миң учур) ашып, 7-орунга чыкты. Азыр илдет аныкталган жана көз жумган адамдардын саны боюнча Америка (758 миң адам жуктуруп, 40,6 миң бейтап көз жумду) 1-орунда турат.