Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кызматын тапшырган жок. Бул тууралуу премьер-министрдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев билдирди.
“Мындай маалымат фейк болуп саналат жана чындыкка дал келбейт. Ал (премьер-министр) коронавирус менен күрөшүүдөгү шартта күчөтүлгөн режимде ар күнү, дем алышсыз иштеп жатат“,- деди басма сөз катчысы.
Мухаммедкалый Абылгазиевдин премьерлик кызматына киришкенине бүгүн туура эки жыл болду.
“Балким бут даталуу күндө кимдир бирөө ушинтип өзгөчө куттуктагысы келгендир”,- деп кошумчалады Султаналиев.
Эскерте кетсек, социалдык тармактарда Мухаммедкалый Абылгазиев отставкага кеткени тууралуу маалыматтар чыккан.