Абылгазиев Бишкек – Кара-Балта жолуна барды: Кыймыл аз кезде бардык татаал иштерди аткаруу керек

403

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Бишкек – Кара-Балта автожолунун курулушу менен таанышты.

«Графиктен артта калып жатканыңыздарды көрүп турам. Бул көптөгөн долбоорлордун биздин өлкөдө гана эмес, дүйнө жүзүндө пандамиядан улам токтоп турушуна байланыштуу. Мурда башталган долбоорлорду улантып, акырындык менен мурдагы жашоо нугуна кайтуу керек. Карантин бүткөндө жол кыймылы олуттуу түрдө кеңейет. Ошондуктан кыймыл аз кезде бардык татаал иштерди аткаруу керек. Бул стратегиялык автожолдун курулушун бүткөрүү үчүн бизде каражат бар», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев жолчуларга.

Бүгүнкү күнгө карата Бишкек – Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоонун алкагында асфальт-бетон төшөлгөн: жолдун 29,4 чакырымына органикалык минералдык катмар жана 23 км төмөнкү катмар төшөлдү, алардын ар биринин калыңдыгы 9 см. Курулуш иштерине 31,6 млн АКШ доллары жумшалды. Учурда унаа жолдун оңдолуп жаткан  45,1 чакырым тилкесинде жол салуу иштери 45% аткарылды.

Бишкек – Кара-Балта тилкеси «Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташуусунун транспорттук коридорун жакшыртуу – 3 (Бишкек – Ош унаа жолу 4-фаза)» долбоорунун алкагында кайра курулууда.

Комментарии

  1. Thank you for another informative web site. Where else may I get that kind of info written in such a perfect manner?
    I have a venture that I am simply now operating on, and I have been on the look out for such info.
    yynxznuh cheap flights

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь