Ат-Башыда үй карантинге алынган жигит мас абалда унаасы менен жол кырсыкка кабылды

422

Нарын облусунун Ат-Башы районунда 26 жаштагы жигит «КамАЗ» үлгүсүндөгү унаасы менен үйдүн коругун сүзүп качып кеткен. Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Белгилүү болгондой, 18-апрель күнү  Ат-Башы айылынын 1958-жылы туулган тургуну М.А. кайрылып, үйүнүн коругун «КамАЗ» үлгүсүндөгү унаа сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткендигин билдирген.

Аталган билдирүү боюнча Ат-Башы РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда төмөндөгүлөр аныкталган: Ат-Башы айылынын 1994-жылы туулган тургуну К.у.Ж. «КамАЗ» үлгүсүндөгү унаасын мас абалында Ат-Башы айылынын ичинде башкарып бара жатып, кошунасынын үйүнүн коругун сүзүп, жол кырсыгына учураган.

Айдоочу муну менен токтоп калбастан, унаасы менен Ат-Башы айылын аралап жүргөн. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, Ат-Башы менен Ак-Жар айылдарынын ортосундагы тосулган өткөрмө постунун цемент тосмосун сүзүп, жол кырсыгына учураган.

Ошондой эле Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медициналык борборуна караштуу 2-мобилдүү топтун башчысы, фельдшер С.М. РИИБге арыз менен кайрылып, аталган айдоочу 13-апрелде 14 күндүк үй карантинге алынганын, ага карантиндин шартын бузбоо, үйдөн чыкпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн, бирок ал карантиндик шартты бузганын айтып, талаптарды так сактабагандыктан аны мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартып берүүнү өтүнгөн.

Бул факт Ат-Башы РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 127-беренеси (Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерин бузуу) менен катталган. Ал эми мас абалында жол эрежелерин бузгандыгы жана автоунаа башкаргандыгы боюнча Бузуулар кодексинин 128-беренеси (Транспорт каражатын мас абалда айдоо) менен протокол толтурулуп, 17 500 сом айып пул салынган.

Булакк: turmush.kg

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь