Москвада баласын сабаган кыргызстандык жаранга карата Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренеси (Уруп-согуу кыйноо) жана 156-беренесинин (Жашы жете электи тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбоо) негизинде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн 21-апрелде КР Ички иштер министрлиги билдирди.
“Социалдык тармактарда тараган видео боюнча ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн соң, водеодогу адамдын өздүгү такталып, ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1985-жылы туулган Ж.Э. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Жубайы 1987-жылы туулган Ж.Ж. экендиги такталды. Ошондой эле, иликтөөнүн жүрүшүндө ал үй-бүлөсү менен кошо 2019-жылы 16-октябрында Россия Федерциясына учуп кетишкендиги жана учурда Москва шаарында жашап жаткандыгы маалым болгон.
Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү тарабынан Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча Кылмыш иликтөө башкармалыгына, аймактык бөлүмдөрүнө жогоруда көрсөтүлгөн жаранга карата РФдин мыйзамына ылайык чара көрүү боюнча кат жөнөтүлүп, Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Кунцево району боюнча бөлүмүнө аталган факты катталган.
Кыргыз Республикасынын жараны 1985-жылы туулган Ж.Э. карата Москва шаарынын Кунцево району боюнча Тергөө комитети тарабынан РФдин Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренеси (Уруп-согуу кыйноо) жана 156-беренесинин (Жашы жете электи тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбоо) негизинде кылмыш иши козголду. Соттун чечими менен Ж.Э. 2 айга камакка алынды”,- деп айтылат маалыматта.
Туура эле болуптур, бирок, окунучтуу. Ата баласына эч качан жамандык каалабайт. Керек болсо жанын берууго даяр.