Бир сутка ичинде жалпысынан 15 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:
Бишкек шаары – 4
Нарын облусу – 1
Ош облусу – 4
Ош шаары – 6
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 216 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Белгилей кетсек, 21-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктурганларлын саны 590 адамга жетти.
COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 8 367 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал):
– Жакын байланыштар (I категория) – 1940
– Башка байланыштар (II категория) – 6 447
Кыргызстан боюнча обсервацияда 714 адам жатат.