Жетекчиликтин кысымынан улам Чүйдө тергөөчү өз жанын кыюуга аракет кылды

576

Чүй облусунун Москва РИИБинде иштеген тергөөчү жетекчиликтин кысымынан улам өз жанын кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу Кактус.медиага күч структуранын кызматкерлери билдирди.

Алардын айтымында, тергөөчү М.кызы кесиптеши менен уруша кеткен. Бул чырда анын жетекчиси Алмаз Кожомкулов тергөөчүнү айыптаган. Ал эми М.кызы бул жаңжалга өзүн күнөөлүү эмесмин деп эсептеген.

Андан тышкары, райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилери тергөөчүнү медициналык кароодон өткөрүүгө алып барышкан. Ал мас абалда болгондугунан шектенишкен, бирок дарыгерлер анын организминен алкоголь аныктаган эмес. Кийинчирээк чырдын башка дагы катышуучуларын текшерүүгө алып келишип, алар дагы соо чыккан.

Ошол күнү кечинде тергөөчү М.кызы өз жанын кыюу үчүн көп өлчөмдө дары ичип алган. Бирок дарыгерлер аны сактап калууга үлгүрүштү.

Такталбаган маалыматтар боюнча, тергөөчү суицидке баруусуна райондук милициянын бардык жетекчисин күнөөлүү деп эсептеп жатат. Болжолу буга чейин дагы аны дайыма кысымга алым келишкен.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь