Карантин: Министрлик Элмирбек акынды фейсбук аркылуу акыркы сапарга узатууга чакырат

932

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, ак таңдай төкмө акын Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 2020- жылдын 22-апрель күнү саат 09:30 өтөт.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдирди.

“Өлкөдө киргизилген өзгөчө кырдаалды эске алуу менен, карантиндин эрежелерин сактоого чакырып, Элмирбек Иманалиев менен коштошуу зыйнатынын жүрүшүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Фейсбук баракчасы аркылуу түз берет”,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Тунгуч кичирайонунда өтүп, сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь