Кытайдан келген адистер ишти лабораториядан башташты

638

Коронавирус менен күрөшүүдө жардам берүү жана тажрыйба алмашуу максатында кечээ Кыргызстанга Кытайдан 11 дарыгер келген.

Бүгүн 21-апрелде делегация Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине барып, лабораториянын иши менен таанышты.

Лабораториянын башчысы Айгүл Жумаканованын айтымында, делегациянын курамында эпидемиологдор, вирусологдор жана лабораториялык кызматкерлер бар.

Биз Кытайдан келген кесиптештер менен эң маанилүү маселелерди талкууладык. Алар COVID-19 менен күрөшүүдөгү тажрыйбалары менен бөлүшүп, керектүү кеңештерин айтышты. Кытайлык адистер биздин дарылоо жана тестирлөө ыкмабыз алардыкы менен окшош экендигин жана вирусту коопсуздук чараларын сактоо менен гана жеңүүгө болорун белгилешти”,- дейт Айгүл Жумаканова.

Кытайлык дарыгерлер Кыргызстанда бир жума болору күтүлүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь